www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча макулдашууну аталган өлкөнүн Межилиси ратификациялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган келишим марттын аягы, апрелдин ичинде ишке кирмекчи.
"Соода, кен жана өнөр жай министри Мохаммад Атабактын айтканына таянсак, ЕАЭБ менен болгон соода аймагын түптөө боюнча макулдашуусун Ирандын парламенти ратификациялады. Эми ал марттын соңу, апрель айынын ичинде ишке ашырыла баштайт", — деп айтылган маалыматта.
Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 18-февралда, Иран ЕАЭБ менен эркин соода аймагы боюнча макулдашууну ратификациялоо иштеринин аяктап калганын айткан эле.