www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылы 119,9 миң адамга, же 1,7 пайызга өсүп, 2025-жылдын 1-январына карата 7 млн 282 миң адамды түздүБул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы ЗАГС органдарында 140,4 миң ымыркай катталган, же калктын 1000 тургунга 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келди, ал эми 31,7 миң адам өлгөн. Бул калктын 1000 тургунуна 4,4 (2023-жылы 4,4) адам туура келет.
Натыйжада калктын табигый өсүшү 108,7 миң адамды түздү, же калктын 1000ине 15 (2023-жылы 16,2) адам туура келет.
2024-жылы калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда байкалган.