www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ баштаган эл аралык коалиция Сириянын Ат-Танф калктуу конушундагы өкмөттүк күчтөрдүн тарапташтарынын позициясына абадан сокку урду. Бул тууралуу коалициянын сайтында кабарланат.

Авиасокку абадан коргонуу куралы менен танкты талкалаган. Бомбалоонун алдында америкалык аскерлер бир нече жолу эскертүү беришкен.

АКШ кол башчылыгы тараткан билдирүүдө Сирия президенти Башар Асад режиминин тарапташтары Ат-Танфта деэскалация аймагына кирип барышкан. Ал жакта америкалык аскерлер куралдуу оппозицияны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүгө даярдайт.

Бул апта ичинде коалиция Башар Асад колдогон күчтөрдүн позициясына эки сапар сокку урду. Майдын соңунда сирия өкмөтүнүн тарапташтарынын кербени бомбаланган. Пентогондун маалыматына караганда, алар уруксат сурабай коопсуз зонага кирип барышкан.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости