www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Огайо штатында укук коргоо органдары үрөй учурган окуянын бетин ачты. Полиция жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө бир нече айлык ымыркайдан тартып 18 жашка чейинки 16 бала болгону 13 чарчы метрлик бөлмөдө жашап жаткан жеринен табылды.

Расмий маалыматка ылайык, балдар өтө оор антисанитардык шартта кармалган. Бөлмөдө таза аба дээрлик жок болуп, жашоо үчүн зарыл болгон эң жөнөкөй шарттар да камсыздалган эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө балдардын мектепке бир да жолу барбаганы жана коомдон дээрлик обочолонуп жашаганы аныкталган.

Окуя боюнча балдардын ата-энеси, ошондой эле чоң ата-чоң энеси деп шектелген адамдар кармалып, камакка алынды. Учурда аларга карата бир катар оор беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, эгер куткаруу операциясы дагы бир күнгө кечиккенде, айрым балдардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калышы ыктымал эле.

Учурда жети бала ооруканада дарыланууда. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, алардын биринин абалы оор. Калган балдар медициналык кароодон өткөрүлүп, аларга психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлгөн.

Бул окуя АКШ коомчулугунда чоң резонанс жаратып, балдардын коопсуздугу, үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөө системасы жана балдардын укуктарын коргоо маселеси боюнча кызуу талкууга алынды. Тергөө уланууда.

Последние новости