www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктүдө 73 жаштагы Павел Коширев дайынсыз болууда

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 73 жаштагы Павел Коширев дайынсыз болуп, аны издөө иштери жүрүп жатат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-июлунда Сүлүктү шаарынын тургуну милицияга кайрылып, атасы Павел Коширев 1-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Бул факты Сүлүктү ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда жаранды издөө иштерине милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка тиешелүү кызматтар тартылган.

Издөөдө дрондор да колдонулууда.

Дайынсыз болуп жаткан жарандын бою 170–175 сантиметр, чачы ак, кашы-көзү кара, өңү ак жүздүү.

Маалыматка ылайык, анын акыл-эси жайында эмес жана эс тутуму начар. Үстүндө жеңи кыска көк түстөгү көйнөк, кара шым, бутунда жазгы бут кийим болгон.

Бул жарандын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдардан милиция төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: (03656) 102, 5-06-51, 0556 009 731.

Последние новости