www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Луизиана штатындагы мектепте окуп жүргөн 17 жаштагы окуучу кыз 28 жаштагы аял экени белгилүү болду. Бул тууралуу The Kansas City Star басылмасы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы аял жасалма туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт менен 17 жаштагы окуучу кыз катары Луизиана штатынын Баутт калктуу конушундагы мектепке окууга тапшырган. Бирок мектеп жетекчилиги "өспүрүмдүн" жашы өзү айткан жаштан улуу болушу мүмкүн деген шек менен укук коргоо органдарына кайрылышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө анын 28 жашта экени тастыкталган. 

Өзүн окуучу атаган аял менен анын 46 жаштагы апасына жасалма документтер боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Алар 2 миң долларга чейин айып пул төлөп, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Белгилей кетсек, 28 жаштагы аял убактылуу окуган мектепте 9-12-класска чейин 1 400гө жакын окуучу билим алат. Учурда билим берүү мекемеси окуучуларды кабыл алууда документтердин аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүүнү пландаштырып жатканы айтылат. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости