www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Башкы прокуратурасы армияга жаңы чакырылган жоокерлерди мазактаган чач жасалгалар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

15-июнда социалдык түйүндөргө «Жоокерлердин башына түшүрүлгөн Конибодом районунун аталышы» деген тема менен аскерлердин сүрөтү жарыяланган. Анда тогуз жоокердин башына чач алуучу машинка менен «К», «О», «Н», «И», «Б», «О», «Д», «О», «М» тамгалары жазылганын көрүүгө болот.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сүрөт 2022-жылы январда УКМКнын Чек ара башкармалыгынын Исфарадагы аскердик бөлүгүндө тартылган. Жоокерлердин чачын алган кенже сержант Мухриддин Исмоилов уставдык эрежелерди бузуп, алардын төбөсүнө Согд облусундагы Конибодом районунун аталышындагы тамгаларды түшүргөн.

Мекеме сүрөттү социалдык түйүндөргө кенже сержант А. Давлатов жарыялаганын билдирди.

16-июнда М. Исмоилов менен А. Давлатовго каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар күнөөлүү деп табылса ири өлчөмдө айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости