www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда полиция үч жашар баласын өлтүрүүгө буйрук берүүгө аракет кылган 18 жаштагы кызды кармаганын CBS телеканалы укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Майами шаарынын тургуну Жасмин Паэз өзүнүн уулун өлтүрүү үчүн интернет сайты аркылуу киши өлтүргүч жалдоого аракет кылган. Ал баланын сүрөтүн жана дарегин көрсөтүп, ишти 20-июлга чейин бүтүрүүнү суранган.
Бул сайт жасалма болуп чыккан жана атайын киши өлтүрүүгө буйрук берген адамдарды аныктоо үчүн түзүлгөн. Кыздын кайрылуусунан кийин сайттын ээси полицияга кайрылган.
Полиция кат жөнөтүлгөн компьютердин IP дарегин издеген. Тергөөчүлөр өздөрүн өлтүргүч катары көрсөтүп, баланын апасы менен байланышканда, ал жумуш үчүн 3000 доллар төлөп берүүгө макул болгон.
"Андан кийин аталган дарекке келген полиция кызматкерлери аны кармашкан. Кызга биринчи даражадагы адам өлтүрүүгө үндөгөн жана байланыш каражаттарын мыйзамсыз максатта колдонгон деген айыптар тагылган", - деп билдирди телеканал полициянын маалыматына таянып.
Булак: NazarNews.kg