www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик чыгынып биттей быжырап бараткан диплому жок же жасалма дипломдууларды так кекиртектен алды. Депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжановдун доо арызы жакныда каралды. Ал эмиэкинчи эл өкүлү Фархат Исмаиловдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызы Бишкек шаардык административдик сотунда жакында  каралып, алдын ала угуу өткөрүлдү. Маалыматка ылайык, биринчи соттук отурум 3-августта болот. Буга чейин, Борбордук шайлоо комиссиясы  Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы»  менен Фарходбек Алимжановду «Альянс» 6-июлда мандатынан ажыратылган. Алар БШК чечими боюнча сотко арызданган.

Депутат Фархат Исмаилов жасалма диплому менен бийликтин беделине сокку уруп келди. Коомчулукта депутат Фархат Исмаиловдун жасалма диплому катуу талкууга алынып, бүтпөй атат. Чатак! Рыскелди Момбеков менен Орозайым Нарматовага иштеген мыйзам эмнеге кыйгап өттү? Булар да ушул өңүттө айыпталышып, мандаттардан куржалак калышкан. Ал эми Фархат Исмаилов БШКга көрсөткөн дипломду Жусуп Баласагын атындагы КУУдан албаптыр. Архивдик негизде далилденип, баары ачыкка чыгууда.

Окуу жайдын өкүлү диплом албаганын “Азаттыкка” шардана кылды. Билим берүү жана илим министрлиги да тастыктап атат. Дээрлик фактылар ЖМК беттерине батпай кетти. Баса, жарым жыл мурда УКМК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экенин иликтеп, ачыктап салган. Учурда бир гана БШК курамы буйдалып, эки депутатка карата таккесе чечим чыгара албай келет.

Президент Садыр Жапаров ар дайым мыйзам баарына бирдей экенин какшап атса, эмнеге аткаруучу органдар шек жаратууда? Дагы качанкыга чейин элди алдашат? Бийликтин беделине сокку урулуп келген, эми гана бул иш айкындалып булар жазасын ала турган болушту.

«Таанышың болсо танкасың, таанышың болбосо маңкасың» деген кеп күч алып бараткандай. Диплому жок экс-депутат, экс-милиционер Рыскелди Момбековдон үн чыкпай калган. Ал өзүнүн сапаты болуп эсептелген «таластык жеке баатырдыгына» таянып, ушул болуп жаткан ызы-чууга катышмак экен, акесиби же үкасыбы үлкөн кызматта иштеген таанышы тыйып, жашырып коюптур.

Диплому жок Алтынбек Сулайманов сайгактап жүрүп Ысык-Көл облусуна гүбүрнатыр болгон. Бир топ убакыттан бери экс-губернатор Алтынбек Сулайманов Америкада эс алып жүргөнү, ара-чолодо бизнес да кылганы, үй-бүлөсүнө кам көрүп жатканы кабарланды. Убактылуу саясаттан четтегенин да эшиттик. Сыягы, жалпы коомчулук билбеген сырлар болушу мүмкүн. Ар ким алына жараша божомол кылууда. Ал эми чындыкты учуру келгенде өзү айтса керек.

Он беш жыл чоң саясатта такшалган, артында калың электораты бар Алтынбек Сулайманов кантип эле баарына кол шилтеп кетсин? Утурумдук тайм-аут да. Эмесе, кеп удулу келгенде маек алуу менен көптөгөн сырларды ачыктайбыз.

Диплому жок депутаттарды иликтеп жүрүп УКМК Фархат Исмаилов (фракция «Ата-Журт Кыргызстан») менен Фарходбек Алимжановду (фракция «Альянс») тапкан. Маалыматка караганда Фархат Исмаилов  2000 жылы Кыргыз Улуттук Университетине тапшырып арабөк неме аны бүтпөй калса керек.  “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому жасалма экенин УКМК тастыктап чыгып, ушундай маалымат тараткан. Андан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. БШК бул маселени ачыкка чыгарып, ЖОЖдон диплом сатып алганын ачыктап, мандатын кайрып алышы керек эле.

Тилекке каршы, мыйзам аткарылбай, арабөк абалда калды. Ал эми Фархат Исмаилов кошоматчы депутатка айланып, улам бир кесиптешине атырылып, коомчулук астында шермендеси чыгууда. Алгач Мирлан Самыйкожого бир тийип, бирок кайра жыга чабылып, таяк жегенин журналист Канышай Мамыркулова жазып чыккан.

Жакында эле Өмүрбек Бакировго жулунуп, маданиятсыз, “кол жоолуктай” образын көрсөтүп, көпчүлүк астында талкуу жаратты. Айтор, чамынып эле жатат. Жасалма дипломду актап, “куралга” айланып, эптеп мандатын сактап калуунун амалына өткөнүбү? Мындайларды коом тез эле иргеп, жүзүн ачат эмеспи. Эртең эч кимге кереги жок болуп калганда, дипломду сатып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылып калбайбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости