www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдөгү кырдаал АКШ менен Украинанын эле эмес, Европанын да мамилесине таасир этээри анык, деп билдирди мурдагы чалгынчы Скотт Риттер X социалдык тармагындагы Ask the Inspector подкастында.

"Бул сөзсүз түрдө тузак болду. Бирок бул жалгыз эле Зеленский үчүн эмес, ошондой эле Европа үчүн да тузак", – деди аналитик.

Риттердин айтымында, АКШ өзүнүн европалык союздаштары үчүн дайыма жоопкерчилик алуудан чарчады.

"Европа бизге эми кереги жок. Силер бизди жактырбайсыңар, биз да силерди жактырбайбыз. Биздин жаңы досубуз – Россия, жана анын силерде жок нерселеринин баары бар: олуттуу мамиле, маданият, тарых, тереңдик, экономика, ресурстар жана силерди жок кыла ала турган армия", – деп баса белгиледи мурдагы чалгынчы.

Жума күнү Вашингтондо өткөн Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышууга айланып кетти. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, жаңжалдан кийин америкалык лидер Киев режиминин башчысын түзмө-түз "кууп чыккан". Натыйжада сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим ишке ашпай калды.

Буга чейин CBS News телеканалы америкалык жогорку даражалуу булактарына таянып, Ак үйдөгү окуя Украинаны андан ары колдоо маселесин токтотуу тууралуу суроону көтөргөнүн билдирген. Маалыматка караганда, айтышуудан кийин Киевдин аткаминерлери бул маселени кайра карап чыгуу үчүн Ак үй менен байланышууга аракет кылышкан, бирок жыйынтык чыккан эмес, анткени Трамп Зеленский менен сүйлөшүүнү каалабайт.

Последние новости