www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллерге украин лидерин жакындан билген булагы билдирди.

Сүйлөшүүнүн мазмуну азырынча ачык айтылган жок, бирок Елисей сарайы сүйлөшүү болгонун ырастады. Ошол эле учурда, Зеленский НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен да байланышта экени маалым болду.

28-февралда Зеленский расмий сапар менен АКШга барган. Бул жолугушууда Украинанын жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча маанилүү келишимге кол коюлушу күтүлгөн.

Бирок BFM TVнин маалыматына ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийдин визитин жокко чыгаргысы келген. Франциянын президенти Макрон бул маселеге кийлигишип, Трампты жолугушууну өткөрүүгө көндүргөн.

Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр учурунда Зеленский менен Трамп Россия-Украина согушу боюнча кайым айтышып кетишкен. Акыры Трамп Зеленскийди "тынчтыкка даяр эмес" деп айыптап, украин лидери сүйлөшүүнү таштап кеткен. Ушул окуядан кийин жаратылыш ресурстарына байланыштуу келишимге кол коюу да жокко чыгарылды.

Последние новости