www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Тышкы иштер университетинин профессору Ли Хайдундун айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина лидери Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусу Вашингтон менен Киевдин украин кризисин жөнгө салуу боюнча түпкү айырмачылыктарын ачып көрсөттү. Анын сөздөрүн кытайлык мамлекеттик Global Times гезити келтирген.
Трамп менен Зеленский жума күнү Вашингтондо жолугушту, бирок сүйлөшүү кайым айтышууга айланып кетти. Fox News телеканалынын маалыматына караганда, жаңжал учурунда Трамп өзүн сыйлабастык мамилеге кабылганын сезип, Зеленскийди «кууп чыкты». Ошондой эле Вашингтон менен Киевдин сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишими жокко чыгарылды.
Ли Хайдундун айтымында, эки өлкө лидерлеринин коомчулуктун көзүнчө мындай кайым айтышуусу эл аралык мамилелердин азыркы тарыхы үчүн мүнөздүү көрүнүш эмес.
"Бул алардын (Трамп менен Зеленскийдин – ред.) украин кризисин чечүү боюнча көз караштары кескин айырмаланарын көрсөттү", – деп эксперттин сөзүн гезит келтирет.
Ошондой эле ал бул кайым айтышуу эки лидердин тең өз шайлоочуларына күчтүү жетекчи экенин жана өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргой аларынын далили катары көрсөтүүгө багытталганын белгиледи.
Ли Хайдун Россия менен Украинанын сүйлөшүү үстөлүнө отурушу үчүн дагы узак жол бар экенин баса белгилеп, бул окуя Трамптын администрациясына кризисти токтотуу алар ойлогондон да кыйын экенин көрсөтө турганын кошумчалады.