www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда аномалдуу сууктан 91 адам каза болду

АКШда анормалдуу суук, кар жана катуу шамалдан улам кеминде 91 адам каза болду. Бул тууралуу CBS News билдирди.

Маалым болгондой, Теннессиде 25 адам, Орегондо 16 адам каза болуп, алардын үчөө дарак унаанын үстүнө кулап, жаракат алган.

Катуу аба ырайынан улам каза болгондор Иллинойс, Пенсильвания, Миссисипи, Вашингтон, Кентукки, Висконсин, Нью-Йорк жана Нью-Джерсиде да катталган.

13-14-январда Канададан келген муздак арктикалык абадан улам АКШда температура рекорддук деңгээлге – нормадан 11-16 градуска төмөндөдү.

Чикагодо абанын температурасы -34 градуска чейин төмөндөп, штат боюнча мектептер жабылууга мажбур болду. Монтана штатында абанын температурасы -40 градуска чейин төмөндөгөн. Улуттук аба ырайы кызматы аймакта -56 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн экенин эскертти.

"CBS News" телеканалынын маалыматына караганда, Орегон штатынын батыш жээгинде 45 миңден ашуун абонентти электр жарыгысыз калтырган муз бороонунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Пенсильвания, Калифорния, Нью-Мексико жана Индиана штаттарында да электр энергиясы көйгөйлөрү катталды.

Телеканалдын маалыматына караганда, 22-28-январь күндөрү аптанын ортосунда Америка штаттарында аба ырайынын жылышы күтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости