www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга Орусиядан жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек автожолу" фитосанитардык контролдоо пунктунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Орусиядан 18 миң 500 кг цитрус жана-жер жемиштер (апельсин, баклажан, грейпфрут, курма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, киви) Кыргызстандын аймагына кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Текшерүү учурунда бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана QR коду менен текшергенде, башка фитосанитардык сертификатка жазылганы аныкталып, автоунаа Мамлекеттик салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү автоунаа токтотулуучу жайына киргизилди. Ал эми мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн топтолгон материалдар укук коргоо органдарына берилүүдө.
Булак: NazarNews.kg