www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден ноябрдагы Конгресске шайлоодо жеңишке жетишсе, Вашингтондун Украинага жардамын кыскартууга ниеттенген Республикалык партиянын өкүлдөрүн сынга алды. Анын айтымында, бул конгрессмендер саясаттан эч нерсе түшүнүшпөйт, деп билдирет ТАСС.

"Алар эгер жеңишке жетишсе, Украинаны каржылоону улантышпайт деп айтышат. Алар Американын тышкы саясатын түшүнүшпөйт", - деди мамлекет башчысы.

Буга чейин америкалык конгрессмендер 2023-жылдын январына чейин Украинага 50 миллиард долларга чейин аскерий жардам бөлүү боюнча мыйзамды кабыл алууну чечкен. Ноябрда боло турган шайлоодон кийин Конгресстин жаңы курамы Киевге жардам бөлүү боюнча күмөндүү позицияны ээлейт деген кооптонуулардан улам мыйзам тездетилген тартипте кабыл алынышы күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости