www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуш жана инфляциянын өсүшү Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы дагы 4 миллион баланы жакырчылыкка түрттү, бул былтыркыдан 19 пайызга көп. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин “Украинадагы согуштун жана андан кийинки экономикалык төмөндөөнүн Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы балдардын жакырчылыгына тийгизген таасири” аттуу баяндамасында айтылат.

Изилдөөлөргө ылайык, быйылкы жылы эле кошумча 117 000 бала мектепти таштап кетиши мүмкүн. Уюм 2006-жылдан 2021-жылга чейинки Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү улуттук экономикалык жана социалдык тенденцияларды талдоого алган. Улуттук экономикадагы өзгөрүүлөр балдардын жакырчылык тобокелдиктерин, билим берүүнүн жана ден соолуктун кесепеттерин алдын ала болжолдоонун модели иштелип чыккан.

Кыргызстан боюнча маалыматтар Украинадагы окуялардан жана инфляциянын өсүшүнөн улам өлкөдө кошумча 143 000 адам жакырчылыктын чегинен төмөн түшөрүн көрсөттү, анын ичинде дээрлик 70 000 балдар. Мындан тышкары дээрлик 3000 бала окуусун ташташы мүмкүн. Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматына ылайык, 2021-жылда эле балдардын 40,5 пайызы же 1,72 миллион адам жакырчылыкта жашап жаткан.

«Чыгыш Европадагы жана Борбордук Азиядагы балдарга болгон кыйраткыч таасир - бул Украинадагы согуштун экономикалык кесепети. Бул согуштун үрөй учурган кесепеттеринен бүткүл аймактагы балдар жабыркап жатышат. Эгерде биз азыр бул балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдобосок, балдардын жакырчылыгынын кескин өсүшү дээрлик адамдардын өмүрүн жоготууга, билимдин жоголушуна жана келечектин жоголушуна алып келет”, - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Афшан Хан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости