www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Байденге импичмент жарыялоо талабы көтөрүлдү

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Республикалык партиясынан бир катар мүчөлөрү президент Джо Байдендин ийгиликсиз миграция саясаты үчүн ага импичмент жарыялоону талап кылышты. Бул тууралуу The Hill жазат.

"Президент Байден биздин түштүк чек араларыбызга чабуул жасоо менен Америка элинин коопсуздугуна атайылап коркунуч келтирип жатат", - деди Боб Гуд (Р-Виржиния).

Аны конгрессмен Марджори Тейлор Грин жана башка бир катар саясатчылар да колдошкон.

Республикачылардын айтымында, Байден "АКШ чек арасын оперативдүү көзөмөлдөөнү иш жүзүндө мексикалык кылмыштуу картелдерге өткөрүп берген".

Эске салсак, 2021-жылдын октябрына карата АКШ-Мексика мамлекеттик чек арасына акыркы 35 жылда мыйзамсыз мигранттардын рекорддук агымы катталды.

Америка Кошмо Штаттарынын Чек ара жана Бажы кызматы 2021-жылда 1,7 миллион тартип бузуучуну кармады. Бул америкалык президентти жана башка жогорку даражалуу саясатчыларды катуу сынга алып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости