www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага кол салгандан кийин киргизилген санкциялардан улам Өзбекстан экономикасы олуттуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу эки апта Ташкентте болгон Эл аралык валюта фондунун миссясынын жыйынтыктоочу баяндамасында айтылат.

Баяндамада соода таңкыстыгы менен инфляциянын өсүшүнөн улам Өзбекстан экономикасыы жаңы кыйынчылыктарга туш болгону белгиленген.

Уюмдун эксперттери инфляция менен күрөшүү, экономиканы калыбына келтирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү тармагында оң көрсөткүчтөргө жетүү оңой болбойт деп эсептешет.

Миссия Орусия Өзбекстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири деген бүтүмгө келген. Өзбекстан Статистика комитетинин маалыматына караганда, январь-февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард 252 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч боюнча Орусия Кытайдан кийин эле экинчи орунда турат.

Аналитиктер бул согушка чейинки сан экенин айтышып, марттан тартып сатуу деңгээли төмөндөй турганын четке кагышкан жок.

Миссия өзбек өкмөтүнө согуштун кесепеттерин азайтуу үчүн кеңири чараларды кабыл алууну, анын ичинде жаңы соода жолдорун издөөнү сунуштайт.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги акыркы маалда экспорт географиясы Австралия, Аргентина, Доминикан республикасы, Сурин сыяктуу алыскы өлкөлөр менен кеңейгенин билдирүүдө. Бул арада Индия жана Пакистан порттору аркылуу Өзбекстанга жүк жеткирүү башталды.

Ташкент эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен Трансооган темир жол долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости