www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан орусиялык "Сбер" менен санариптик өкмөт куруу тууралуу келишимден баш тартты. Нур-Султан бул долбоорду жергиликтүү ИТ- адистер менен ишке ашырат. Бул тууралуу 15-апрелде санариптик өнүгүү жана аэрокосмостук өнөр жай министри Аскар Жамбакин билдирди.
"Геосаясий жагдай менен өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү карап чыккандан кийин "Улуттук маалымат технологиялары" менен биригип, жергиликтүү IT-платформада өзүбүз ишке ашырабыз деп чечтик. Азыр техникалык-экномикалык негиздеме даярдалууда. Жергиликтүү системага эки-үч жылдан кийин өтөбүз, быйыл жыл соңуна чейин алгачкы сервистер даяр болот", - деди Жамбакин.
Былтыр сентябрда Казакстан өкмөтү орусиялык "Сбер" компаниялар тобу менен Казакстандын санариптик өкмөтүнө арналган платформа түзүү жөнүндө меморандумга кол койгон.
Долбоордун наркы 500 миллион долларга бааланган.
Меморандум казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилешкен.
Марттын аягында Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги "Сбер" келишим түзүү күн тартибинде жок экенин айткан.
Кремль көзөмөлдөгөн “Сбербанк” 2020-жылы "банк" деген аталышын алып таштаган. 2017-жылдан бери ал башка тармактарга да инвестиция сала баштаган. "Сбердин" башчысы Герман Греф орус агрессиясына байланыштуу батыштын санкциясына илинген. Анын ысымын Улуу Британия менен АКШ "кара тизмеге" киргизген.
Булак: NazarNews.kg