www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы атайын операция жакында аяктайт, Орусия аны көпкө созууну каалабайт. Бул тууралуу "Единая Россия" партиясынын эл аралык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Андрей Климовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Орусиянын Украинадагы атайын операциясы жакында аяктайт, биз аны атайылап созуу ниетибиз жок. Украинанын биолабораторияларын көрүп, бул мамлекетти Орусия жана бүткүл дүйнө үчүн коопсуз кылсак жетиштүү. Андан кийин аскердик фаза токтойт", — деди ал.
Ошол эле маалда Климов Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантып, отко май чачып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg