www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында «Бириккен демократиялык кыймыл» аттуу оппозициялык уюм пайда болду. Анын уюшулушунун зарылдыгы жана учурдагы саясий, экономикалык кырдаал боюнча белгилүү коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков менен маек курдук.
- Бекболот байке, жаңы оппозициялык кыймылга көз карашыңыз кандай?
- Жакшы. Арасында Мамбетжунус Абылов, Сапар Аргымбаев, Бектур Асанов сыяктуу мекенчил, таза инсандар бар. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламентте оппозиция жок. Демек, бийлик системасынан тышкары жаралган оппозиция кыймылын кубатташыбыз керек.
- Ал кыймылга сизди да чакырышкан турбайбы?
- Ооба. Абыловдон сунуш алгам. Бирок шакиртим Камчыбек Ташиев бийлик курамында тургандыктан моралдык этиканы сактап оппозицияга кошула албасымды түшүндүрдүм.
- Анда саясаттан тышкары болосузбу?
- Атамбаевдин бийлигинде жалган жалаа менен камалып, үч жарым жыл абакта отуруп чыкканым коомчулукка белгилүү. Бошогонумдан бери үч жыл өттү. Бул аралыкта саясатка аралашпадым. Эми айрым пикирлештерим менен биригип, бош турган орто позицияда иш алып барууну чечтик. Негизги демилгечилер генерал Исмаил Исаков жана мен. Жакында «Коомдук кеңеш» деген уюм түзөбүз. Курамында отуз-кырк адам болот.
- Азыркы бийлик менен иштешүүгө болбодубу?
- Бул бийлик ээрге отурганда эле анын күйөрмандары «улуу муун кызматка жолобосун» деген талап коюшпады беле. Бирок соңку учурда коомдук маанай өзгөрдү. Жалаң жаштардан куралган бийлик ишке жөндөмсүз экени далилденди. Мындай жагдайда, эгерде бийлик башындагылар менен пикирибиз келишсе, анда кызматка барып, «агрардык реформанын соңку 15-20 жылдан бери эч аракет жасалбаган экинчи этабын ишке ашырсамбы» деген ой-максатым бар эле. Бирок өткөн жумадагы «Кумтөр» кени боюнча кабыл алынган келишим бул максатыма чекит койду.
- Ал кен боюнча келишимди азыркы бийлик «тарыхый окуя» деп жатат го?
- Кошулбайм. Садыр Жапаровдун он жылдык иш-аракетин, эмгегин кабмин башчысы Акылбек Жапаров талкалады. Үмүткө суу себилди. «Центерра» компаниясынын чет өлкөлүк жетекчилери өз максаттарына жетишти. Алар «Центерранын» акцияларын толугу менен өздөрүнө өткөрүп алганына, «Кумтөрдөгү» экологияга эбегейсиз сокку урулган кесепеттерден оңой кутулуп кеткенине кубанып, майрамдап жатышса керек.
- Анда чындык кандай?
- Ал кийин толук билинет. Чындыктын чеке-жакасын «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Үмбөталы Кыдыралиев ачыктады. Сүйлөшүү учурунда ал кыргыз тараптын 26 пайыз акцияларын «Центерра» компаниясына өткөрүп берүүгө каршы болуптур. Мен бул жигитти сыртынан 2005-жылдан бери билем.
Мекенчил, билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи. Эгер президент Садыр Жапаров кабминдин башчысы кылып Акылбек Жапаровду эмес, дал ушул Үмбөталы Кыдыралиевди дайындаганда, анда «Кумтөр» кени боюнча келишимде уттурмак эмеспиз. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына бекем турмак. (Кыдыралиев кызматтан кетти, маек ага чейин алынган – А. С.)
- Сиздердин «Коомдук кеңеш» уюму жаңы оппозициялык кыймыл менен кызматташабы?
- Мүмкүн. Бир гана талашсыз шарт менен. Ал кыймылдын мүчөлөрүндө өлкөдө төңкөрүш жасоо максаты, аракеттери болбошу керек. Кыргызстанга төртүнчү төңкөрүштүн кереги жок. Кезектеги төңкөрүш болгон сайын бир ууч эле адамдар байышып, ал эми өлкө артка карай кетээрине элибиздин көзү жетип калды.
- Бийлик мененчи?
- Биз «дүжүрлөр», «акшакалдар» эмеспиз. Өлкө өнүгүүсү үчүн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, аларды чечүү жолдорун бийликке сунуштайбыз. Албетте, биздин сунуштар аларга жакпашы мүмкүн. Бирок акылман кыргыз элибиз «душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат» дейт эмеспи. Эгерде биздин сунуштардан бийлик жыйынтык чыгарса, анда биз ыраазы гана болобуз. А эгерде адатына салып биздин башыбызга да жугунду куюп киришсе өздөрү эле утулат.
- Жугунду куюшу мүмкүнбү?
- Күтсө болот. Эске салсак, биздин (Акаевдин) бийликте Осмонакун Ибраимов жана Абдил Сегизбаев башында турган пропагандист, пиарчылардын, аскерий тил менен айтсак, «взводу» бар эле. Ал оппозициянын «ротасына» толук жеңилип калганын агездеги өкмөт башчысы Николай Танаев моюнуна алган. Бул «кемчиликти» оңдоо үчүн Бакиевдин бийлигинде маркум Медет Садыркулов жана Оксана Малеваная экөө пиарчылардын «полкун» түзүшкөн.
Алар да жеңилип калышты. Атамбаевдин бийлигинде Фарид Ниязов деген «фельдмаршал» пиарчылардын кубаттуу «дивизиясын» курап, оппозицияны элге бир заматта мокочо кылып көрсөтүп салчу. «Троллдор» деген азаматтар тобу да ишке тартылган. Соцтармакта бирөөлөрдү мактап же каралап жан баккан, башка ишке жараксыз андай «кесип» ээлеринин саны андан бери далай көбөйдү.
Ал эми соңку бир жарым жылдан бери учурдагы бийликтин пиар «армиясы» күжүлдөп иштеп келе жатканы коомчулукка жашыруун эмес. Кичине эле тиш салсаң тишиңди күбүп салышат.
Мына, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылга дароо масштабдуу чабуул жасалып, «анын мүчөлөрү кыргыз элинин душмандары, накта шүмшүктөр!» деген пикирди коомчулукка таңуулай салышты. Бирок, бул «армиянын» салтанаты «канчага дейре созулаар болду экен?» деген суроолор да бар.
- Ал «армия» сиздерди да «улгайганда небере багып, үйдө отура беришпейби» деп тытмалайт да…
Мүмкүн. Ооба, эгер Кыргызстаныбыз өнүгүү жолуна түшкөн болсо, анда ошентип отура бермекпис. Бирок, бир жарым жылдан бери жарым карыш алга жыла албай койбодукпу. Учурда, орустар айтмакчы, «замкнутый круг» жаралды. Эл Садыр Жапаровго ишенип отурат. Президент кабмин башчысы Акылбек Жапаровго ишенүүдө.
- Ал болсо «Кыргызстанда үч жылда кой үстүнө торгой жумурткалаган жыргал заман орнойт» деген жомок токуп, элдин кулагына кесме илип, упчу сордуруп эле келе жатат.
- Төңкөрүшкө каршы позицияңар сиздерге коомчулукта урмат-сый, кадыр-барк алып келээринен күмөн санабайбыз. Ишиңерге ийгилик каалайбыз.
- Рахмат, иним!
Булак: Азия News гезити