www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Талса шаарындагы (Оклахома штаты) ооруканада куралдуу адам ок чыгарып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Шаардык полиция департаментинин маалыматына караганда, ок чыгарган адам да каза болду. "Кол салган адам өлгөнүн ырастайбыз, ал өзүнө-өзү келтирген жарааттан улам көз жумган болушу мүмкүн. Азыр полиция кызматкерлери кошумча коркунучтардын бар-жогун аныктоо үчүн ар бир бөлмөнү текшерип жатышат", – деп жазылган департаменттин "Твиттердеги" билдирүүсүндө.

"Азырынча ок чыгарган адамдын тек-жайын так аныктай элекпиз. Ал болжол менен 35-40 жаштардагы эркек. Анын жанынан винтовка жана тапанча табылды", – деди полициянын өкүлү Эрик Далглиш.

Полиция азырынча анын эмне себептен мындай кадамга барганын кабарлаган жок.

KJRH телеканалынын маалыматына караганда, ок атуу шаардагы Ыйык Франциск ооруканасынын корпустарынын биринде жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дө болгон. Бул окуя тууралуу маалымат түшөрү менен полиция кызматкерлери 3-4 мүнөттүн ичинде жетип барышкан.

24-майда Техас штатындагы Ювалд шаарында жайгашкан башталгыч мектептердин биринде куралдуу кол салуу болуп, жыйынтыгында19 окуучу жана эки мугалим өлгөн. Мындан тышкары дагы 13 бала түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кол салган 18 жаштагы Сальвадор Рамос аттуу жергиликтүү тургунду полиция атып өлтүргөн.

Буга чейин Нью-Йорк штатынын Буффало шаарындагы супермаркетте ок атылып, 10 киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости