www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен мэриясы стадионду тендер өткөрбөй курганы аныкталды

Баткен мэриясынын жооптуу адамдары стадион куруу үчүн тендерди кагаз жүзүндө гана өткөргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Баткен облусунун прокуратурасы шаардык мэриянын жооптуу адамдары стадионду асфальттоого С. аттуу жеке ишкерди, ал эми трибуна менен кийинип-чечинүүчү жайды салып, стадионду оңдоо иштерине "ЖП" ишканасын тендер өткөрбөстөн тартканын аныкташты. Курулуш иштери бүткөндөн кийин тендерди кагаз жүзүндө гана уюштурушкан. Анда С. аттуу жеке ишкер асфальттоо иштерине 8 миллион 494 миң 670 сом, "ЖП" компаниясы курулушка 6 миллион 481 миң 394 сом уткан.

С. аттуу жеке ишкердин асфальт иштерин жасоо боюнча атайын лицензиясы жок экени аныкталган. Ошондой эле тендердин шарттарына жана келишимге ылайык, алдын ала төлөм каралган эмес. Бирок Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жана Баткен шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары тарабынан акча каражаты толугу менен которулган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголгон. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости