www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Конгресси президенттик инаугурацияны коронавирустун жайылып жатканына карабай, толук кандуу жана салтанаттуу түрдө өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу сенатор-республикачы Рой Блантка шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биз президенттин ант берүү аземин кадимкидей, салтанаттуу түрдө өткөрөлү деп пландап жатабыз. Иш-чара ачык асман алдында болот", — деди Блант.
Анын айтымында, бул боюнча комитет келерки жумада пикирин билдирет. Азырынча ал иш-чарага жаңы шайланган президент Жо Байден гана эмес, учурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп дагы келет деп үмүт артууда.
Баса, АКШ коронавирустун жайылышы боюнча дагы алдыңкы орундарда келе жатат. Ушул тапта бул өлкөдө оору жуктургандардын саны 10 миллионго жетип калды.
"Кимиси ант берери маанисиз, бирок экөө тең эл алдына чыгышы керек, бул өтө маанилүү", — деди сенатор.
Инаугурация келерки жылдын 20-январь күнү болмокчу.
Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Жо Байден жеңишке жетти. Ага 538 тандоочунун 290у өз добушун берген.
Булак: NazarNews.kg