www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Билим булагы» билим берүү комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, билим берүү комплекси «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен жетим балдар үчүн курулган, бирок ар-кыл бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөрүп берүү мүмкүн болгон эмес.

Садыр Жапаров комплексти карап чыгуу менен Билим берүү жана илим министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго обьектти мамлекеттик баланска өткөрүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берди.

«Биз инвесторлор үчүн ачык болуп, алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Эгер ар бир мамлекеттик орган алар менен өз деңгээлиндеги диалогду ачык жүргүзсө, инвесторлор Кыргызстанга келет», - деди Жапаров.

Ошондой эле аталган комплекс бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын жана кесиптик билим берүү мекемеси катары колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу сөзүнүн соңунда фонддун өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости