АКШда эки эмдөө борбору жабылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  465

АКШда Johnson&Johnson вакцинасынын терс таасирлеринен улам эки эмдөө борбору жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Каролина жана Колорадо борборлору, тиешелүүлүгүнө жараша 18 жана 10 вакцинанын терс реакцияларына кабылгандыгын билдиришкен. Эмдөөдөн кийин бейтаптар баш, жүрөк айлануу жана башка белгилерге нааразы болушуп, төрт адам кошумча текшерүү үчүн ооруканага жаткырылган. Түндүк Каролинадагы бир мекемеде 2 миң 300дөн ашуун адам эмдөөдөн өткөнү белгилүү болгон.

"Johnson&Johnson" компаниясынын өкүлү компания вакцинанын терс таасирлери жөнүндө бардык маалыматтарды кылдаттык менен карап чыгып жаткандыгын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями