www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү инсандар бүгүн, 9-апрелде NazarNews маалымат агенттигине кайрылып, президент Садыр Жапаровдон генерал Курсан Асановду үй камагына чыгарууну өтүнүштү.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун камакта кармалып турушу коомчулукка түшүнүксүз болуп турат. Аны «2020-жылдын 6-октябрында Ички иштер министрлигин басып алган» деп айыптап жатышат. Бирок, Курсан Асанов ички иштер министрлигинин имаратына координатор катары Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келгени белгилүү болду. Эгерде ошол мезгилде Курсан Асановдун жигердүү аракети болбогондо, балким Бишкек шаарында талкалоо, талап-тоноолор орун алышы мүмкүн эле.

Генерал Курсан Асановдун кыргыз элинин алдында өзүнүн кошкон чоң салымы бар. Ал узак эмгек жолунда ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери, жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты катары өлкөбүздүн өнүгүшүндө көрүнүктүү иштерди аткарып келди.

Биз Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, зарыл тергөө иш-чараларын мыйзам чегинде өткөрүлүшү туура болот деп эсептейбиз. Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич, генерал Курсан Асановдун үй камагына чыгарылышына көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз.

Мамытов Миталип, Кыргыз Республикасынын Баатыры; Кудаяров Д, академик; Токтакунова Самара, СССРдин Эл артисти; Эркебаев Абдыганы, КР ЖК экс-төрагасы; Текебаев Өмүрбек, «Ата Мекен» партиясынын лидери; Жумабеков Сабырбек, академик; Алахан Садык, илимдин доктору, профессор; Калматов Т, КР ЖК экс-депутаты; Орозбаев М, КР ЖК экс-депутаты; Узакбаев Э, КР ЖК экс-депутаты; Медетбеков Шамшыбек, КР ЖК экс-депутаты; Асанов Бектур, КР ЖК экс-депутаты; Жакупова Чолпон, КР ЖК экс-депутаты, «Адилет» юридикалык клиникасынын директору; Жанузаков Болот, генерал; Иманкулов Марат, генерал; Нурматов Н, коомдук ишмер, Ош облусу; Талгарбеков Бекболот, КР эмгек сиңирген кызматкери; Болотбеков Бейшен, КР эмгек сиңирген кызматкери; Назаралиев Б, КР эмгек сиңирген ишмери; Мамбетов Т, КР эмгек сиңирген кызматкери; Кыдыралиев З, КР эмгек сиңирген кызматкери; Абылов М, КР эмгек сиңирген кызматкери; Сооронбаев Т, КР эмгек сиңирген кызматкери; Кадыркулов К, КР эмгек сиңирген кызматкери; Мамбетов М, КР эмгек сиңирген кызматкери; Кумаров Б, КР экс-губернатору», - деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости