www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-апрелде Ворух анклавына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди. «Азаттыктын» тажик кызматы анда Рахмон Ворухтан улам ар кыл маалыматтар чыгып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин чечүүгө убакыт керек деп айтканын жазды:

«Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек», - деп билдирген Рахмон.

Тажик президенти кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек ара тилкелеринин 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкен.

Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын тактоо боюнча Душанбе 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти жүргүзбөгөнүн кошумчалаган.

Рахмон 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди. Анын бул сапары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек ара тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин болду. Башкы чекист чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргызстандык делегацияны жетектейт.

Ал 26-марттагы маалымат жыйынында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш тажик бийлигине берилгенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости