www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана финансы министрлиги медкызматкерлердин эмгек-акысын көтөрүү үчүн 1,8 миллиард сом таап, жумшай турган болууда.

Бул тууралуу мекеменин жетекчиси, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков 9-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы эки эсеге жогорулады. 1-июлдан тартып саламаттык сактоо тармагында иштегендердин баарынын айлыгы 50% көбөйтүлөт.

Министр 1,8 миллиард сомдун булагын тактаган жок. Медкызматкерлердин айлыгы үчүн кошумча каражат изделип, табылганын айтты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин маянасы 100% жогорулаганын буга чейин президент Садыр Жапаров жарыялаган. Ал башка тармактарда иштегендердин айлыгын жана пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө каражат изделип жатканын, ансыз бюджет туруштук бере албай турганын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости