www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мекемелердин электр жарыгы өчүрүлөт

12-апрелден баштап электр жарыгын төлөбөгөн мамлекеттик мекемелердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн энергетикалык жабдууларды жана тармактарды даярдоонун алкагында "Түндүк электр" оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Төлөмдөрдү чогултуунун негизги бөлүгү электр жабдууларын оңдоого жумшалат.

"Түндүк электр" ААКсынын абоненттеринин электр энергиясы үчүн дебитордук карызы 703,4 млн. сомду түздү. Электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн “Түндүк электр” ААКсы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат, анткени 12-апрелден баштап акционердик коом электр энергиясын берүүнү этап-этабы менен чектей баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости