www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Айылчы Сарыбаев: “Салык да мурдагыдай түшпөй жатат”

“Салык да мурдагыдай түшпөй жатат”, -  деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

  --“Пандемия эле эмес өлкөдөгү саясий ар кандай окуяларга байланыштуу болгондуктан быйыл экономиканын өсүшү мен үчүн чоң күмөн жаратат. Бара-бара баалар да кымбаттап жатат, жазда жана күздө кымбаттоолор болот. Тилекке каршы, жумушсуздук, оору күчөп жатат, криминалдык абал курч. Ошо эле учурда акыркы убакта унааларга чейин уурдоолор болуп жатат. Бул эми жакшы жашоонун көрүнүшү эмес, жакырчылыктын, ачарчылыктын кабары десек болот. Баалар өткөн жылдан бери аябай кымбаттап кетти. Жакында дагы өлкөдө бир топ кымбатчылык, кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бир топ чакан жана орто бизнестер жабылды. Ишкерлер деле соода болбой калганын айтышууда. Импорт көптүгү таасир этип жатабы белгисиз. Ал эми салык да мурдагыдай түшпөй жатат, анткени бизнестеги капитал чыгып кетүүдө”, - дейт Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости