www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Флорида штатындагы Бойнтон-Бич шаарында жашаган түгөйлөр коронавирустан көз жумушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар 51 жыл бирге жашап, 6 мүнөт айырма менен каза болушкан. Алардын баласы Бадди Бейкер ата-энесинин элге болгон кайрылуусун жаздырып алган. Алар анда элди коронавирус оорусуна кылдат көңүл буруп, сак болууга чакырган.
"Биздин мезгилде адамдар көп нерсени “бул мага келбейт, мунун мага тиешеси жок” деп ойлойбуз. Бирок андай эмес. Биз дагы башында коронавирус бизге эч качан келбейт деп ойлогонбуз. Биздин үй-бүлөдө болгон окуя көпчүлүк адамдарды бул ооруга олуттуу мамиле кылып, туура чечим кабыл алганга түртөт", - деп билдирген Бейкер.
Бадди Бейкердин 74 жаштагы атасы жана 72 жаштагы апасы 19-мартта өзүн жаман сезишкен. Алар дарыгерге барган учурда коронавирустун белгилери байкалган. Бейкердин атасынын астма оорусу бар болгондуктан, дароо ооруканага жаткырышкан. Ал эми, апасы Адрианды үйүнө кетиришкен.
Көп өтпөй экөө тең коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Түгөйлөрдүн абалы оорлошуп, экөө тең жасалма дем алдыруучу аппараттарга кошулган.
Дарыгерлер Бадди Бейкерден ата-энесин көп кыйнабай аппаратты өчүрүүгө уруксат берүүсүн суранышкан. Ал өз макулдугун берип, бирок аларды бир учурда жана бир палатада аппаратты өчүрүүсүн суранган.
Булак: NazarNews.kg