www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 897 миң 492ге жетти. Анын арасынан 1 миллион 688 миң 619 (19-майда картада айыккандар 1 миллион 784 миң 714 деп көрсөтүлгөн) бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 323 миң 285 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 528 миң 568 адам катталды. Андан 289 миң 392 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 91 миң 921 адам оорудан каза болду.

Россияда 299 миң 941 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 76 миң 130 бейтап сакайып, 2 миң 837 адам дүйнө салды.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда 271 миң 885 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 106 миң 794 адам айыкса, каза болгондордун саны 17 миң 983кө жетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости