www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тула облусундагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында медайым ич кийимдин үстүнөн эле ачык коргоочу костюм кийип алганы үчүн жаза алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Тула райондук аймактык клиникалык ооруканасынын кызматкери медициналык кийимдерге коюлган талаптарды сактабагандыгы фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медайымга эскертүү түрүндө дисциплинардык жаза колдонулгандыгын билдирди”, – деп жазылат маалыматта.

Медайым коргоочу костюм абдан ысык экенин айтып, кийим кийбөөнү чечкен. Бирок ал анын ич кийими көрүнүп каларын эске алган эместигин билдирген.

Медициналык мекеменин кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,кызматкерлерге санитардык кийимдерге жана сырткы көрүнүшкө карата талаптарды сактоо керектиги эскертилди.

Мындан тышкары, атайын кийимдерди жана жеке коргонуу шаймандарын колдонууга жооптуу кызматкерлердин ишине көзөмөл күчөтүлгөнү айтылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости