www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда «куралдуу каршылык акциялары» болушу мүмкүн

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жаңы шайланган президенти Джо Байдендин 20-январда боло турган инаугурациясынын алдында «куралдуу каршылык акциялары» болушу ыктымал экенин эскертти.

Билдирүүгө ылайык, 11-январда маалымат каражаттарына түшкөн билдирүүдө «куралдуу каршылык акциялары» бардык 50 штаттын борборлорунда жана Капитолийдин имаратында да пландалып жатканы жазылган.

Белгилей кетсек, Вашингтон шаары жайгашкан Колумбия аймагынан башка баардык штаттарда курал көтөрүп жүрүүгө уруксат берилген.

ФИБдин маалыматында демонстрациялар 16-20-январь күндөрү болушу мүмкүн экени белгиленген.

Буга байланыштуу Вашингтондо жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Эскерте кетсек, 6-январда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барып башаламандык уюштурган.

Маалым болгондой анын кесепетинен беш киши көз жумган.

Бул ортодо өткөн жумадагы башаламандыкта каза болгондор Трамптын жакын санаалаштары болгону да айтылууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости