www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү кайра иштетүү заводдорунун ишин жакшыртып Кытай жана Араб өлкөлөрүнө эт экспорттоо пландалууда. Бул туурасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди. 

Анын айтымында, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Россия, Монголия, Казакстан, Беларусь, Украина жана Польшадан арзан мал алып келип, кайра иштетилген формасында экспортко чыгарылат.

--"Азыр бир чоң команда иш жүргүзүп жатат. Араб өлкөлөрү менен жумасына 40 тонна эт экспортто боюнча алдын ала келишим түзүлдү. Ал эми Кытай менен өкмөттөр аралык келишимге кол койсок, экпорттун көлөмү күнүнө 60 тоннага чейин жетет. Муну ишке ашыруу үчүн биз сөзсүз түрдө транзиттик потенциалын ишке ашырыбыз керек", - деди Токтогазиев.

Ошондой эле ал министрликтин негизги максаты ички запастарга, сырьёлук базага гана таяна бербей, өлкөнү айыл чарба продукциясын жана сырьёну кайра иштеткен регионалдык хабга айлантуу экенин белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости