www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перу өлкөсүнүн соту АКШлык миллиардерлер Жорж Сорос, Стивен Рокфеллер жана Билл Гейтске коронавирус пандемиясынын чыгышына тиешеси бар деген айып такты. Бул тууралуу RPP радиостанциясы шилтеме берип Sputnik Кыргызстан жазды.
Сотто зордуктоого айыпталган адамдын камакта калтыруу жазасын узартуу боюнча апелляциялык арыз каралып жаткан. Апелляциялык соттун судьялары мурунку инстанциянын чечимине даттануудан баш тартышкан.
Алар мындай чечимин кылмыш процесси COVID-19 пандемиясынан улам ордунан жылгыс болуп калгандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Өкүмдө коронавирус пандемиясы «дүйнөнү башкарган кылмыштуу элита тарабынан түзүлгөн» деп айтылат.
«Жаңы дүйнө тартибин курган Билл Гейтс, Жорж Сорос, Стивен Рокфеллер сыяктуулардан башка бир дагы өкмөт же бир киши, же юридикалык тарап пандемия күтүлгөн нерсе болчу деп айта албайт. Аты аталгандар аны өтө жашыруун шартта башкарып келишкен жана башкарууну улантууда», — деп айтылат соттун чечиминде.
Айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык соттун чечими жокко чыгарылат деп ниеттенүүдө. Ал чечим ишке тиешелүү аргументтердин ордуна чайкоочулук билдирүүлөргө таянып жатканын белгилеп жатат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg