www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мэриленд штатынын эң жыш жайгашкан Балтимор шаарында 2-июлда болгон массалык атышуудан эки киши каза болуп, 28 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Балтимор полиция департаментинин маалыматы боюнча, полиция кызматкерлери ок атышуу тууралуу көптөгөн чалууларга жооп бергенден кийин окуя болгон жерге саат 00:35те (0535 GMT) келишкен.

Полиция департаменти жарадарлардын бардыгы облус боюнча жергиликтүү жана райондук ооруканаларга жеткирилгенин, үчөөнүн абалы оор экенин билдирди. Окуя болгон жерден 18 жаштагы кыз, 20 жаштагы жигит бир нече убакыттан кийин аймактык ооруканада каза болгон.

Каза болгон жигиттин эжеси Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагына (CGTN) берген маегинде бул кабардан таң калганын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн абдан коркуп жатканын белгиледи.

"Мага телефон чалышты, саат 5 болчу. Ооба, ал азыр жок. Эмне болгонун билбейм, мен жок болчумун, билбейм. Бир нерсени так билем, кызым ошол жерде, мен ага үйдө кал дедим. Бул видеолорду алар интернеттен көрүшөт, балдар күлкүлүү деп эсептешет. Бул жерде күлкүлүү эч нерсе жок", - деди ал.

Балтимордун мэри Брэндон М.Скотт билдирүүсүндө бул зомбулук актысы шаарды түп-тамыры менен солкулдатканын жана бул жийиркеничтүү кыйратуунун айынан бардык тургундар кыйналып жатканын айтты.

Ал ошол эле учурда окуя иликтенип жатканын, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылаарын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости