www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын федералдык судьясы Элвин Хеллерстайн Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флореске карата негизги соттук териштирүүнүн башталышын 2027-жылдын 1-июнуна белгиледи.

ABC News басылмасынын маалыматына ылайык, мындай чечим алдын ала соттук угуу учурунда кабыл алынды. Соттун чечимине ылайык, Мадуро менен Флорес көрсөтүлгөн күнү сот алдына чыгышат.

Мадуронун адвокаты Барри Поллак кардары эгемендүү мамлекеттин башчысы катары соттук иммунитетке ээ экенин айтып, ага коюлган айыптарды сот аркылуу талаша турганын билдирди.

Эске салсак, АКШнын маалыматына ылайык, Николас Мадуро жана анын жубайы 2026-жылдын 3-январында жүргүзүлгөн аскердик операциянын жүрүшүндө кармалган.

Андан соң АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Мадурого каршы кеңири масштабдагы операция жүргүзүлгөнүн жарыяласа, ошол кездеги юстиция министри Пэм Бонди ага жана анын жубайына расмий айыптар коюлганын билдирген.

Венесуэланын бийлиги болсо бул окуяларга байланыштуу АКШны өлкөдөгү жарандык жана аскердик объектилерге кол салууга айыптаган.

Последние новости