www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манчестер Юнайтед» клубунун жана Англиянын улуттук курама командасынын легендасы Дэвид Бекхэм 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда жарнамалык кампанияларга катышып, 19 миллион фунт стерлинг киреше тапты. Бул тууралуу Marketing Made Clear басылмасы маалымдады.

Карьерасын он жыл мурун аяктаганына карабастан, Бекхэм дүйнөлүк спорттогу эң көп талап кылынган спортчулардын бири бойдон калууда жана ар түрдүү жарнамалык роликтерге үзгүлтүксүз тартылып келет.

Дүйнө чемпионаты учурунда Бекхэм чипсы, сыра, банктык кызматтар жана ири соода компанияларынын жарнамаларына катышкан.

Шакира, Жастин Бибер жана башка дүйнөлүк жылдыздар да дүйнө чемпионатындагы өнөр көрсөтүүлөрү үчүн жогорку гонорар алышканы менен, эң көп киреше тапкан адам Дэвид Бекхэм болду.

Последние новости