www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел жүргөн унаа жолдорунда тазалоо иштери жүргүзүлдү

Кыргызстандын бир катар аймактарында нөшөрлүү жаандан улам сел жүргөн унаа жолдорунда тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сел Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунун 40–54-чакырымдар аралыгындагы 8 тилкеде, Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131–134-чакырымдарында жана Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 104-чакырымында, Кажы-Сай айылынын аймагында катталган.

Учурда жолдор атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.

Транспорт министрлиги жолдорду тазалоо иштери көзөмөлдө экенин маалымдады.

Последние новости