www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 2026-жылга карата пландуу текшерүү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Эшме участкасында таштандыларды белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мындан тышкары, айыл өкмөтүнө тиешелүү кызматтык унаалардын атмосферага бөлүп чыгарган уулуу газдары атайын жабдуулар менен текшерилди. Жыйынтыгында бир кызматтык унаадан зыяндуу заттардын көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталып, бул мыйзам бузуу үчүн 23 миң сом административдик айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин улантарын билдирди.

Последние новости