www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин кароосуна калктуу конуштардагы жашыл аймактарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды.

Документке ылайык, парктар менен скверлердин аянтын кыскартууга жол берилбейт. Ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшүндө кыйылган ар бир бактын ордуна куруучу тарап жергиликтүү климатка ылайыкташкан кеминде беш ири көчөт отургузуп, аларды үч жыл бою багууга милдеттүү болот.

Мыйзам долбооруна ылайык, 10дон ашык бак-дарактарды же бадалдарды кыюуну караган долбоорлор милдеттүү түрдө экологиялык экспертизадан өткөрүлөт.

Мындан тышкары, калктуу конуштардагы ар бир бакка санариптик паспорт берилип, алардын электрондук реестри түзүлөт. Бул жашыл фондду натыйжалуу эсепке алып, көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзөрү белгиленет.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда курулуш иштеринин жүрүшүндө бактарга зыян келтиргендер үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Анда жарандарга 7 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталган.

Последние новости