www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын соту киберкылмыш үчүн айыпталган орусиялык хакер Алексей Бурковду тогуз жылга эркинен ажыратты. Айыптоочу тарап аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Бурков өзүнө тагылган айыптын айрымдарын – кредиттик картанын ээлеринин маалыматын жана андан акча уурдаганын мойнуна алган. Аягында хакерден башка айыптары алынган.

Программист Алексей Бурков 2015-жылы Вашингтондун суроосу менен Тель-Авив аэропортунда кармалган. 2019-жылы ноябрда ал Россиянын каршылыгына карабай, АКШга экстрадицияланган. Москва Тель-Авивге хакерди израилдик маңзат аткезчилиги үчүн айыпталып, 7,5 жылга кесилген Наам Иссахарга алмаштырууну сунуштаган.

Быйыл январда Израилге барган сапарында президент Владимир Путин Иссахардын энесине жолуккан. Путин ага кызына ырайым кылуу өтүнүчүн эске алууну убада кылган. Иссахар өзү Путинден ырайым суроодон баш тартып, буга энесинин жана Израил бийлигинин өтүнүчү жетишерлик деп билдирген. Кийинчерээк ал баары бир Путинден ырайым сурап, январдын аягында бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости