www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын түштүгүндөгү жана батышындагы штаттарда коронавируска чалдыккан адамдардын көп катталып жатышына аймакта барлар менен пляждардын иштеп жатканы себеп болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, айрым штаттардын губернаторлору экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү максатында чектөөлөрдү тез арада алып, барлар менен пляждарды ачып салышканын мойнуна алышты.

27-июнда Флорида штатында суткалык рекорд катталган. Бир күндө аймакта 9 585 адам коронавируска чалдыккан. Оору жуктургандардын көпчүлүгү – жаштар. Губернатор Рон Десантис штатта COVID-19 пляждар ачылгандан кийин көбөйгөнүн мойнуна алды. Флоридада чектөөлөр жанданат. Майамиде болсо пляждар 4-июлга карата майрамдык эс алуу күндөрү жабылары кабарланды.

Техаста бийлик ишканаларга уруксат берүү стратегиясын карап чыкмай болгон. Бул штатта бир күндө 5 700дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.

Бразилияда бир суткада 38 693 адам коронавирус жуктурган. 27-июнда бир күндө илдеттен көз жумгандардын саны миңден ашты.

Бразилия дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунда турат. Биринчи орунда турган АКШда 2,5 миллион адам коронавирус жуктурган, 125 миңден ашуун киши оорудан көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости