www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Риттер киев режимин Путиндин жай тургундарга жана жарандык инфраструктурага ылгабай ок чыгарган тарап менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө болбойт деген сөзүнө кулак салууга чакырды.

 Украина Россиянын Курск облусундагы чагымчылыгы үчүн жазаланып, бир нече шаарларынан кол жууйт. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн экс-чалгынчысы Скотт Риттер айткан.

"Кырдаал Курск облусунун тазаланышы менен бүтпөйт. Украина жазаланат. Бул алар кирип келген Сумская облусунан кол жууйт деген сөз. Харьков, Днепропетровск, Николаев, Одесса шаарларынан ажырайт", — деген Риттер Judging Freedom YouTube-каналынын эфиринде.

 

Анын айтымында, Киев жетекчилиги Курскиге кирип Украинанын келечегин туңгуюкка кептей турган чечим кабыл алган.

Риттер киев режимин РФ президенти Владимир Путиндин жай тургундарга жана жарандык инфраструктурага ылгабай ок чыгарган тарап менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө болбойт деген сөзүнө кулак салууга чакырды.

"Орустар жаалына келип турат. Демек, эгер Путин сүйлөшүү болбойт десе, бул согуш Россиянын койгон шартынын негизинде гана жыйынтыкталат деген сөз", — деди Риттер.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости