www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курск, Белгород жана Брянск облустарында антитеррордук операция режими киргизилген.

 Россиянын Белгород облусунда аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу региондун губернатору Вячеслав Гладков билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, аймакта кырдаал өтө оор жана курч бойдон калууда.

"Украин Куралдуу күчтөрү күн сайын аткылап, үйлөр талкаланып, тургундар жарадар болууда. Ошондуктан бүгүндөн тарта Белгород облусунда калкты коргоо, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Кийин федералдык деңгээлде өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо өтүнүчү менен өкмөттүк комиссияга кайрылуу болот", — деген Гладков.

 

Эске салсак, 6-августта украин аскерлери Курск облусундагы Суджан районун басып алууга аракет кылган.

Курск, Белгород жана Брянск облустарында антитеррордук операция режими киргизилген. Ал эми Курск федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режиминде.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости