www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет 2,8 миң жетим балага банктан депозит ачат

Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланары белгиленди.

"Келечекке салым" депозитинин жобосу бекитилди, 2 853 жетим балага депозит ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.

"18 жашка чыкканда депозитте 500 миң сомдон кем эмес каражат топтолот. Аны билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшаса болот", — деп айтылат маалыматта.

Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланары белгиленди. Ошондой эле министрлик өлкөдө 2 853 жетим бала жашай турганын кошумчалады.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости