www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперттин пикиринде, Украина аскерлеринин Курскиге кол салуусу Киевдин жеңилишин тездетет.

 Курск облусуна кол салуудан кийин Украинадагы чатак аягына жетип калды, бирок бул өтө кооптуу стадия болуп турат деген америкалык экономист Жеффри Сакс өзүнүн интервьюсунда.

РИА Новости адистин кырдаал өтө курчуп баратканын айтканын жазды.

"Бул абдан курчуган кырдаалды көрсөтүп турат... Кыязы, биз азыр согуштун өтө тездик менен бара жаткан финалдык бөлүгүндө турабыз", — деген экперт.

Анын айтымында, бул нерседен Украина болгон күчүн Курскиге салып, Донбасс багытында позициясы алсырашы жана АКШдагы саясий кризис кабар берип турат.

"Биз жетекчиликтен эч кандай акыл токтоторлук нерсе уккан жокпуз, эмне болуп жатканын да билбейбиз, Кошмо Штаттардагы кырдаал азыр ушундай", — деп кошумчалаган Сакс.

Америкалык дагы бир саясат таануучу Жон Миршаймер Украина аскерлеринин Курскиге кол салуусу Киевдин жеңилишин тездетерин айткан.

"Россияга кол салуу украиналыктардын ири катасы болуп калды. Бул аларга пайда алып келбейт, утулушун тездетет", — деген саясат таануучу.

Эскерте кетсек, 6-августта Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Курск облусун басып алуу ниети менен аймакка кирип келип, бирок РФ аскерлери тарабынан токтотулган. Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, кагылышуудан Украина бир топ жоокеринен жана танкаларынын ажырады.

Учурда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости