www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерден келишкен жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын мамлекеттер аралык кароо-сынагынын финалы болуп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кароо-сынак 21-августта башталган.

Кароо-сынакка КМШ өлкөлөрүнөн-Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын командалары катышууда. КМШ өлкөлөрүнүн 29 мектеп окуучусунан турган, 6 командасы тартылды.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, КМШга катышкан мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун директору полициянын генерал-лейтенанты Олег Коновалов, Тажикстан Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод жана ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков катышып, жаш тескөөчүлөрдү кубаттап, мыкты маанай жана ийгиликтерди каалашты.

"Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү-2024" сынагынын экинчи этабы дагы 4 номинация боюнча өткөрүлдү:

- Агитбригат көргөзмөсү;

- Жол кыймылынын эрежелеринин өлкөсү;

- Дубал гезити боюнча сынак;

- Коопсуз дөңгөлөк.

Сынактын алкагында калыстар тобу тарабынан идеянын оригиналдуулугу, теманын актуалдуулугу, аткаруунун сапаты сыяктуу критерийлер бааланды. Оюнчулар көрүүчүлөрдү таланты, өзгөчөлүгү жана искусствого болгон шыгы менен таң калтырды.

Калыстар тобу катышуучулардын номурлардын жогорку деңгээлде даярдалгандыгын жана чыгармачылык чеберчилигин белгилешти. 

Кароо-сынактын жыйынтыгы бүгүн чыгарылат.

Последние новости